• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткалда алтын өндүрүүчү фабрикалар курулат

Аймак 0

Ош, 09.08.18. /Кабар/. Чаткал районунда 4 алтын өндүрүүчү ишкана куруу пландалууда. Долбоорлордун бирөөсүнүн баасы 100 миллион доллар турат.

Райондун акими Канжарбек Эшалиевдин маалыматына караганда, Аймактарды өнүктүрүү жылында октябрь айында “Кичи Чаарат” алтын өндүрүүчү фабрикасынын колдонууга берилүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле “Заав Чаарат” жана “Глобал Жамгыр Майнинг” фабрикаларынын крулушу башталган.

Эшалиев “Кичи Чаарат” компаниясы учурда 150 жергиликтүү жашоочуну окутуп жатканын кошумчалады. Андан соң алар ушул эле компанияга жумушка алынат. Башка эки фабриканын курулушу бүткөндө 600 адам жумушчу оруну менен камсыз болот.

2019-жылы “Эти Бакыр” түрк компаниясынын ири алтын өндүрүүчү фабриканы курушу пландалууда. Ишкананын долбоорлук баасы 100 миллион долларга бааланууда. Акциянын 25 пайызы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна таандык болот.

“Эти Бакырдын” башкы директору Махир Тезжан журналисттерге компания ай сайын 360 кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө айлык акы төлөй турганын, бюджетке 2 миллион сомго жакын салык төлөөрүн билдирди.

“Жаңы фабриканын курулушунан кийин 700гө жакын жергиликтүү тургун жумушка орношот. Фабрика жыл сайын 1 миллион тоннага чейин алтын концентратын алып турат”, - деди Махир Тезжан.

Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев түрк инвесторлору районго көп суммадагы акча каражаттарын алып келип жатышканын билдирди.

“Бул эки өлкө башчыларынын жолугушуусунан жана кыргыз-түрк мамилелеринин жакшырышынан улам болууда. Ушундай компаниялар бар болгону үчүн миграция токтоп, калк байып жатат. Ар бир үй-бүлө айлык акысынын арты менен социалдык абалын жакшыртып алды. Унааларды сатып алышып, үйлөрдү куруп жатышат”, - деди аким.

“Эти Бакыр” компаниясы 2015-жылдан бери иштейт. 3 жылдын ичинде 200 миллион сом өлчөмүндө салык төлөгөн. Андан сырткары компания жыл сайын аймактын социалдык өнүгүүсү үчүн 15 миллион сом бөлөт. Балдар бакчаларына, ооруканаларга жана мектептерге жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий