• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалда бүгүн 707 жеткинчек мектеп босогосун алгачкы ирет аттады

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Быйылкы 2020-2021-жаңы окуу жылына карата Чаткал районундагы жалпы он тогуз мектепке жалпы 6 миң 433 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 707 жеткинчек мектеп босогосун алгачкы ирет аттады, башкача айтканда 1-класска барды.

“Ал эми элдин суроо талабына байланыштуу, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Сатыбалды Байдөөлөтов жана Таласбай Жаналиев орто мектептеринде бирден орус класстары ачылып, ар бирине жеткинчектер кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий