• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалда дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Чаткалда дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун Чаткал районунун Кайын-Суу айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн атайын ыкчам автоунаа менен 12 куткаруучу тартылып, натыйжада аталган жарандын сөөгү Чаткал дарыясынын Кайсын-Суу тилкесинен табылып, райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий