• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалда дайынсыз жоголгон бала аман-эсен үйүнө кайтып келди

Аймак 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Чаткалда дайынсыз жоголгон бала аман-эсен үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылынын 2004-жылы туулган Д. уулу Ө. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер жана туугандарынан 30 адам тартылган, натыйжа болгон эмес.

Кечээ, 12-май күнү саат 23:00 чамасында жогоруда аты аталган бала аман-эсен үйүнө кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий