• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткалда элдик таланттардын "Кош жылдыз" сынагы болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда Ч.Айтматов атындагы Чаткал райондук маданият үйүндө элдик таланттардын "Кош жылдыз" сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Сынакта жалпы сегиз жуптан турган элдик өнөрпоздор эстрада жана фольклор жанрындагы ырларды аткарып, калыстардын элегинен өттү. Өнөрпоздор белгилүү элдик жана эстрадалык ырларды жогорку деңгээлде аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Соңунда, калыстардын тандоосу менен Айгыр-Жал айылынан келген өнөрпоздор жеңүүчү деп табылып, диплом жана 6000 сом акчалай байгенин ээси болушту. 2-орунду Каныш-Кыя айылынын өнөрпоздору багындырып, диплом 4000 сом байгеге ээ болушту. Ал эми, 3-орунга эки жуп - Терек-Сай жана Сумсар айыл аймактарынан келген өнөрпоздору ээ болушуп, диплом жана 3000 сом акчалай байге алышты.

Мындан сырткары, бир нече өнөрпоздорго мыкты аткаруучулугу, сахна маданиятын сактай билгендиги үчүн номинациялар берилди.

Кошумчалай кетсек, иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл аймактарынын колдоосу жана райондук маданият бөлүмүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий