• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чаткалда көчкү басып калган айдоочу аман калды

Кырсык 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алдын ала маалымат боюнча, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 92-чакырымында саат 14:45 чамаларында көлөмү болжол менен 1000м3 болгон кар көчкү түшүп, "Субару-Легаси" үлгүсүндөгү унааны 5-6 метрге сүрүп, бир аз басып калган. Унаада ээси жалгыз өзү болгон, жабыркаган эмес. бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүм башчысы жана тез жардам кызматынын унаасы менен кар көчкү түшкөн жерге чыгып кетти.

Пикир

Оставить комментарий