• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чаткалда мал жандыгы кар алдында калган 3 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлөт - Сыргабаев

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Чаткалда мал жандыгы кар көчкү алдында калган үч үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана район акими Алтынбек Сенирбаев жашоочулар менен жолугушууда билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 12-март күнү Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында жалпы 125 миң куб метр кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен 3 үй-бүлөнүн 4 мал сарайы, 156 баш кой, 6 жылкы жана 1 автоунаасы кар алдында калган. Натыйжада жалпы 6 млн. 584 миң сомдук материалдык чыгым жаралган.

Облус башчысы жабыркаган үй-бүлөлөргө барып, колдоо иретинде акчалай көмөк көрсөтүлөөрүн айтты. Өкүл алдыда облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистеринин корутундусунун негизинде иш алып барылаарын билдирди. Жыйынтыгы менен кооптуу деп табылган аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн жерди трансформациялоо ишин колго алууну тапшырды.

Жабыркаган үй-бүлөлөргө район бийлиги тарабынан жалпы 1,5 млн. сом акча каражатын бөлүп берүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий