• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чаткалда медицина кызматкерлери менен тургундардын ортосунда чыр болгон – Үсөнбаев

Аймак 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Чаткалда медицина кызматкерлери менен тургундардын ортосунда чыр болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага "Чаткалда медицина кызматкерлери менен жергиликтүү тургандар ортосунда чыр болуптур. Ал учур тууралуу айтып берсеңиз. Коронавируска анализ алып жүргөн медицина кызматкерлерине карата тургундар тарабынан оройлук кылган окуялар көп болобу, кол салган учурлар болду беле?" деген суроо узатылды.

"Кол салуу учуру болгон эмес. Ал жерде ортодо чыр болгон. Аягында маселе чечилген. Ал жерде көрүлүп жаткан чараларга нааразычылык болгон. Көрүлгөн чаралар керек экендигине ынандыргандан кийин ал адамдар макул болушкан. Ал адамдардын ичинде изилдөө жүргүзүлүп, учурда алар дарыланууда. Байланышта болгон адамдар үй карантинине алынып, көзөмөл жүргүзүлүүдө. Лабораториялык изилдөөлөр, байланышта болгондорду аныктоо ж.б. жумуштар аткарылууда", - деди ал.

Ушул эле окуя боюнча тактоочу "ортодогу чыр медицина кызматкери коронавирус жуктурган адамдын ооруганын жарыя кылып салгандан келип чыкканы айтылууда. Ал маалыматты ачыктаганы үчүн кызматкерге кылмыш иши козголгон деген маалымат туурабы" деген суроо берилди.

"Кылмыш иши ачылган деп айта албайм. Ал жерде жаран баш тартып, ишенген эмес. Бирок медицина кызматкерлерин киргизбей койгон учур болгон. Мындан улам милиция кызматкерлери чакырылып, райондук администрациянын өкүлдөрү да келген. Андан кийин маселе чечилген", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 906ны түзөт. Алардын ичинен 650 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий