• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чаткалда милиция кызматкерлерине кол көтөрдү деген 15 киши тергөө абагына киргизилди

Коом 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаардык соттун чечими менен милиция кызматкерлерине кол көтөрдү деген негизде Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну тергөө абагына киргизилди. Маалыматка ылайык, алты жаран эки айга, тогузу бир айга камалды.

"Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү органдар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМдин маалыматына ылайык, 5-ноябрда Чаткал райондун аймагындагы "Эти Бакыр Терек-Сай" алтын ишканасынын аймагында 15 жергиликтүү тургун милициянын "Шумкар" бөлүгүнүн кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген.

6-ноябрда бул окуя боюнча "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери менен кылмыш ишин козголгон.

Тергөөчүлөр алтын кен иштеткен фирманын камералары тарткан видеону карап, милиция кызматкерлерине күч колдонгон 15 жарандын өздүгүн такташкан.

2-декабрда кылмышка шектүү Терек-Сай айылынын 15 тургуну облустук милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Пикир

Оставить комментарий