• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чаткалда милиция мектеп окуучулары арасында спорттук мелдеш өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан мектеп окуучуларынын ынтымагын бекемдөө максатында волейбол оюну уштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Кылмыштуулуктун арты жаза», «Зордук-зомбулукка жол жок» аталышындагы ураандын астында өткөрүлгөн иш-чарага Каныш-Кыя жана Чаткал айыл өкмөттөрүнөн 9-11-класстардын окуучулары катышты.

Жалпы 12 мектептен 17 команда чакырылып, жеңүүчүлөргө Чаткал РИИБдин жетекчилиги тарабынан диплом, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү дени сак жашоо образын түптөөгө чакырышты. Кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болуу керектигин эскертишип, мыкты билим алууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий