• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чаткалда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда саат 14:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы 1 турак үйдүн ичин суу каптап жана 1 сарайга, 6 турак үйдүн короосуна шагыл таштар үйүлүп, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген.

Жерине ӨКМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, техниканын жардамында селдин кесепетин жоюу иштери жүргөн.

Бүгүн, 11- май күнү тазалоо иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий