• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалда сел жүрдү

Кырсык 0


Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Чаткалда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-августта саат 19:00дөр чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырым аралыгында жол каттамдар убактылуу жабылган.

Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген.

Жерине ӨКМден 3 кызматкер, 2 жүктөгүч тартылып, сел алган жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий