• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чаткалда сугат каналдарын оңдоо колго алынууда

Аймак 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сугат каналдарын оңдоо иштери колго алынууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев аймактагы суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери менен сугат каналдарынын абалы менен таанышты.

Райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы каналдардын жалпы узундугу 47 чакырымды түзөт. Чаткал өрөөнүндө Чакмак-Суу, Ак-Суу, Афлатун, Аюу-Чачы, Арпа-Төктү, Куу-Тал, Кара-Суу, Ак-Суу, Ак-Булак, Тешик-Арык суугат каналдары бар. Алардан Афлатун жана Кара-Суу каналдары капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Кыдырууда белгилүү болгондой, учурда иштеп жаткан каналдардын абалы да көңүл жылытарлык эмес. Керектөөгө ылайык, суу көп бурулгандыктан, каналдардын айрым жерлеринен суу ашып, коромжуга учурап келет.

Алтынбек Сеңирбаев каналдарда суугат суунун көлөмүн көбөйтүп, кайракы жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба тармагын күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда суу чарба башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү аракеттери да колго алынаарын айтты.

Бүгүнкү күндө Чаткал районунун аймагында жалпы 6 миң гектардан ашуун айыл чарба жерлери болсо, мындан 2 миң 144 гектар жер аянты кайракы болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий