• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чаткалда волейбол боюнча мелдеш болуп, жеңүүчүлөр аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Чаткал районунун Терек-Сай айылынын спорт залында волейбол боюнча “Ынтымак достук биримдик” аталыштагы мелдеш болуп өттү.

Спорттук иш-чара жергиликтүү бийликтин колдоосу жана укук коргоо органдары менен биргеликте уюштурулду, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Спорттук мелдештин ачылуу аземинде Чаткал районунун акими К.Эшалиев, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов сөз сүйлөп, анда элди биримдикке, ынтымактуулукка чакырып, спорт аркылуу достукту бекемдөө максатын белгилешкен.

Байге фонду 20 миң сомду түзүп, жалпы 5 команда катышты.

1-орунду (ПСН) ИИМдин Атайын багыттагы полку;

2-орун Терек-Сай 1;

3-орун Терек-Сай 2;

4-орунду Кызыл-Токой командасы алган.

Пикир

Оставить комментарий