• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чаткалда жыгач устунга сүйөлгөн мектептин курулушу быйыл башталат

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Чаткалда районунун Курулуш айылындагы жыгач устунга сүйөлгөн мектептин курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мектептин абалы менен жеринен таанышуу учурунда билдирген.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кооптуулук жаралган Сатимбай Мырзалиев атындагы орто мектептин имараттары 1961-1982-жылдары курулган. 2020-жылы ӨКМ тарабынан мекемеге авариялык абалда деген чечим чыгарылган. Учурда 150 орунга ылайыкташкан мектепте 461 бала билим алууда.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жергиликтүү бийлик жетекчилерине тез аранын ичинде курулушка керектүү документтерди даярдоо тапшырмасын берди. Өкүл алгач курулушка райондун өнүктүрүү фондунан 10 млн сом акча каражаты бөлүнөрүн айтты. Калган каражаттар да этап менен камсыздалаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий