• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалда “Жылдын тарбиячысы-2022" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-12-апрелинде Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылында "Нур Билим" бала бакчасында райондогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын арасында "Жылдын тарбиячысы-2022" кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка райондогу жалпы 22 балдар бакчасынан 11инин тарбиячылары катышты. Катышуучулар сынактын программасында көрсөтүлгөндөй, слайд-шоу аркылуу өзүн тааныштыруу, тест тапшыруу, сабак өтүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты.

Сынактын жүрүшү атайын түзүлгөн комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп, соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, алдыңкы орундарды ээлеген катышуучуларга байгелүү сыйлыктар тапшырылды.

Тактап айтканда, Баш байгени "Чебурашка" балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлзат Дөлөкеева жеңип алды.

1-орун 2 катышуучуга - "Алтын бешик" бала бакчасынын тарбиячысы Назгүл Субановага жана "Келечек" бала бакчасынын тарбиячысы Нуриза Турдалиевага ыйгарылды.

2-орунга "Айнуру" бала бакчасынын тарбиячысы Батма Айтимбетова ээ болду.

Ал эми 3-орун "Бүчүр" бала бакчасынын тарбиячысы Гүлшайыр Арзыматовага берилди.

Мындан тышкары, бардык катышуучуларга сынактагы активдүүлүгү үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Алтынай Таштанбаева райондук мамлекеттик администрациясынын атынан "Алкыш" баракчаларын тапшырды.

Алтынай Таштанбаева быйылкы "Жылдын тарбиячысы-2022" жана "Жылдын мугалими-2022" сынактарынын жеңүүчүлөрү райондук жетекчиликтин колдоосу менен жайкы эс алууга жиберилерин, бул демилге район башчысы Алтынбек Сеңиребаев тарабынан көтөрүлгөндүгүн жана бул демилгени ишке ашырууга райондук жетекчилик тарабынан аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий