• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чаткалдагы бала бакчалардын биринде өрт чыкты (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын Кушбаев көчөсүндө бала бакчадан өрт чыккан. Натыйжада имараттын 630 чарчы метр жыгач устундуу чатыры күйгөн,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-апрелде болжол менен түнкү саат 23:45 чамасында болгон.

ӨКМден кабарлашкандай, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий