• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чаткалдагы ички чарбалык унаа жолунда кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 18.12.18. /Бишкек/. Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 06:00дөр чамасында калың жааган кардан улам кар көчкү жүргөн.

“Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка (Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу эмес) унаа жолунун 99-100- чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 1000м3 жана 88-90-чакырымында көлөмү 500 метр куб кар көчкү түшкөн. Унаа жол бир тараптуу жабылды”, - деп айтылат маалыматта.

Жолду тазалоого тиешелүү кызматтан 5 техника тартылган.

Пикир

Оставить комментарий