• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалда кен казган компаниянын ишине нааразы болуп чыккандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагындагы эки күн бою кен казган компаниянын ишине нааразы болуп чыккан тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, деп билдиришти президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Маалыматка ылайык, алар менен район акиминин биринчи орун басары Топчубек Эшбаев жолугушту.

Жергиликтүүлөр райондогу тоо кен казган “Эти Бакыр Терек-Сай” компаниясынын ишмердигине нааразы болуп, айылды чаңдын каптоосуна жана аталган компанияда эмгектенген жергиликтүүлөргө Эмгек кодексине каршы болгон маселе жаралганын белгилешкен.

Тараптар менен болгон сүйлөшүүлөрдүн алкагында, район акиминин биринчи орун басары Топчубек Эшбаев бардык маселелер мыйзам чегинде чечилээрин айтты. Элдин көтөргөн көйгөйүнүн алкагында зыяндын көлөмү, келтирилген чыгым ар тараптуу иликтенип, соттун чечиминин негизинде гана жыйынтык чыгарылаары белгиледи.

Ошол эле учурда экология боюнча мыйзамдарга каршы келген жагдайлар да каралып, чукул арада жооптору берилээрин кошумчалады.

Азыркы учурда түшүндүрүү иштеринин негизинде чогулгандар тарап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий