• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чаткалдагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунда муз тазаланып, кооптуу абал жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-чакырымындагы Терс суусунда жайгашкан унаа өтүүчү көпүрөгө муз тоңуп сууну тосуп, кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине ӨКМден 5 куткаруучусу жана 1 жүк көтөргүч тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда жаралган кырдаал толугу менен жоюлду.

Белгилей кетсек, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу кечки саат 18:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабуу чечими район акими тарабынан кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий