• 79.5
  • 82.98
  • 1.42
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Чаткалдагы шыбы ураган мектеп. Жабыркаган мугалимге эс алууга жолдомо берилет

Аймак 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткалдагы мектепте болгон кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеевадан ооруканага барып, кабар алды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр сабак учурунда күтүүсүз кырсыкка кабылган окутуучуга батыраак калыбына келип, өз окуучуларына кайрадан эртерээк сабак бере баштоосун каалады. Алмазбек Бейшеналиев Асия Сакеевага жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу санаторийлердин бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин айтты.

Кошумчалай кетсек, Ала-Бука райондук ооруканасына жаткырылган мугалимдин абалы жакшы, 2-3 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий