• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чаткалдагы шыбы ураган мектеп кен иштеткен жумушчуларга жатакана катары курулган

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шыбы урап түшкөн А.Чымканаев орто мектеби эки корпустан турат. Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи корпус 1958-жылы курулса, экинчи корпус 1968-жылы курулган. Биринчи корпсустун имараты алгач мектеп үчүн эмес, кен иштеткен жумушчуларга жатакана катары курулуп, кийин мектепке берилген. Шыбы ураган корпустун дубалы саман-ылай менен сокмо ыкмада курулган.

“Авариялык абалга кептелген класстын окуучуларынын жана мугалимдин саламаттыгын бир сыйра текшерүүдөн өткөрүү максатында Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөн. Бул имарат көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес жана авариялык деп дагы эсептелинген эмес”, - деп айтылат маалыматта.

А.Чымканаев орто мектебинде бүгүнкү күндө 361 окуучу билим алууда жана 36 мугалим эмгектенүүдө. Учурда окуунун жүрүшү экинчи корпуста улантылууда.

Эскертке кетсек, Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий