• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чаткалдын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 23-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 2017-жылдын 11-октябрындагы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколу бекитилди.

КР БШК басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Ашырбаев шайланды.

Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий