• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чатырларда отурушу керек беле? Эксперттер Кумтөрдүн жаңы кеңсеси боюнча

Коом 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутаты Жеңишбек Токторбаев “Кумтөр Голд Компани” ЖАК жана “Улуу көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинги” ААКтын жаңы кеңсесине байланыштуу пикирин айткан. Ал компаниянын ижара акысы тууралуу сөз кылып, жана мамлекеттик ишкана ар тараптан ыңгайлуу имаратка көчкөнүнө нааразычылыгын билдирген.

Жогорудагы эки ишкананын кызматкерлеринин баарын бириктиргенде 500 адамга жеткен эки компания тең – “Кумтөр Голд Компани” жана “Улуу көчмөндөр мурасы” Панфилов көчөсүндөгү имараттан ижарага кеңсе алууда.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтымында, эгер компания бардык талаптарга жооп берген, анын ичинде техникалык модернизацияланган заманбап ишканабыз десе, анда ага тиешелүү шарттар жана кеңсе керек.

“Тоо-кен өндүрүшү сымал маанилүү тармактарда жүрүп жаткан иштер эң аз дегенде тийиштүү техникалык, логистикалык жана башка камсыздоолорду талап кылат”, - деп эсептейт эксперт.

Шестаковдун сөзүнө караганда, “Кумтөр Голд Компани” бюджетти түзүүчү ишкана эле эмес өлкөнүн жүзү жана өндүрүштү өнүктүрүүнүн флагманы. Кеңседеги шарттар чет элдик бизнес жетекчилери, инвесторлордо компаниянын мүмкүнчүлүктөрү канчалык экени тууралуу таасир жаратат.

“Компаниядан эмнени каалап жатышканын түшүнгөн жокмун. Чатырларда отурушу керек беле? Мындай деңгээлдеги компаниянын коопсуздук деңгээли жогору болушу керек. Эң аз дегенде мамлекеттик маанидеги документтер сакталат. Кеңсе ушул критерийлерге жооп бериши зарыл”, - деп белгиледи Игорь Шестаков.

Эксперт жана саясат талдоочу Токтогул Какчекеев бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң алдыңкы технологиялар жана коммуникациялык системалар жалгыз Кумтөрдө гана бар.

“Кумтөр – бул жогорку технологиялуу, валюталык жана финансылык жактан келечектүү уюм, аны өнүктүрүш керек. Кумтөрдүн пайдасы башка долбоорлордун баары биригип тапкан пайдадан кыйла көп. Алардын (ред.: сындагандар) кандай иши бар жана алар өнүгүү үчүн эмне кылышты? Жөн эле кыйкырып жатышат”, - деп эсептейт Какчекеев.

“Стратегия “Восток-Запад” аналитикалык борборунун башкы жетекчиси Дмитрий Орловдин пикиринде, Кумтөр үчүн өзүнчө кеңсе маселеси – бул акча маселеси эмес.

“Кумтөрдү башкаруучу кеңсени коопсуздук менен камсыздоо жагынан алганда “Учкун” басмаканасынын имараты жогорку кооптуулуктагы объект болуп саналат. Анткени башынан эле алтын казууга же бизнеске байланышы жок башка максаттар үчүн курулган. Дагы жакшы ушул кезге чейин мындай шарттарда Кумтөрдө олуттуу кырдаалдар жаралган жок. Жаңы кеңсеге көчүү менен кызматкерлер өздөрүн эле эмес “Учкундун” имаратын да көп көйгөйдөн бошотушту. Анткени баары бири-бири менен байланыштуу. Азыр Кумтөр, “Улуу Көчмөндөр мурасы” холдингинин бир бөлүгү экөө болуп калды. Максаттар, тапшырмалар жана жоопкерчилик да өстү, тобокелдик жана кооптуулук да көбөйдү”, - деп кошумчалады Орлов.

Анын пикиринде мындай учурда ижара үчүн 50 миң доллар да аздык кылат.

“Кумтөргө бош мамлекеттик аянттарды колдонууну сунуштап жаткан депутат Токторбаевге айтып койсом, Кумтөр үчүн зарыл болгон коопсуздук параметрлерине жооп берген имараттардын баарын башка түзүмдөр ээлеп алышкан жана жакынкы жылдары бошотушпайт. Алар деле бир аз жапыз болгону менен “Учкундан” айырмасы деле жок. Булар туурасында депутат Токторбаев билбейт окшойт, анын айткандары популизмге окшошуп турат”, - деди эксперт.

Кыргыз Республикасынын эл акыны Вячеслав Шаповалов учурда Кумтөр өнүгүү жолуна түшүп, өндүрүш жаңырып, кеңейип жатканын байкаганын белгилейт.

“Меймандарды татыктуу тосуу керек. Эгер Кумтөрдүн кеңсесинин артындагы таза эмес арыктарды биздин өнөктөштөрүбүз байкабай калат деп ойлосок, бул чоң катачылык болот”, - деп белгиледи Шаповалов.

Ал эми эксперт Азамат Акенеевдин пикиринде, өлкөдөгү башка көйгөйлөрдүн жанында Кумтөрдүн кеңсе алмаштыруу маселесин көтөрүүнүн мааниси деле жок.

“Кандайдыр бир укук бузуу жок болсо, анда бул техникалык гана маселе деп эсептейм. Эгер компания эски иш жеринде шарттар талапка жооп бербейт деп эсептесе, анда бул алардын укугу. Мындай маселени талкууга алуу Жогорку Кеңештин деңгээлине туура келбейт. Кумтөр жана анын ишмердиги боюнча депутаттар көтөрө турган кендин ишинин натыйжалуугу, ачык-айкындыгы, коопсуздугу сыяктуу башка суроолор деле көп”, - деп жыйынтыктады эксперт.

Пикир

Оставить комментарий