• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Чечме унаа жолу” бекетинде чек ара режимин бузган адам кармалды – МЧК

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. “Чечме унаа жолу” көзөмөл өткөрмө жайынынын чек арачылары күн мурун мамлекеттик чек ара режимин бузган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, кыргызстандын 1997-жылкы А.А., аттуу жараны Өзбекстандын Сох анклавынан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган.

Паспорт текшерүү маалында ал чек арачыларга 1985-жылкы С.Ш., аттуу жаранга таандык болгон паспортту көрсөткөн.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий