• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек ара ачылды. Кыргызстандыктар эми Казакстанга тоскоолдуксуз өтө алат

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жойду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11нен 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан "Ак-Жол унаа жолу" бекети аркылуу эч кандай жүйөөсүз өтө башташты.

Кыргызстандын жарандары кыргыз-казак чек арасынан "Чалдыбар унаа жолу", "Ак-Жол унаа жолу", "Кең-Булуң унаа жолу" жана "Токмок унаа жолу" бекеттери аркылуу өтө алат.

Бош транспорт каражаттары чек арада жайгашкан "Кең-Булуң унаа жолу" бекетинен өтө алышат.

Чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин справкасы же болбосо COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту болушу керек.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кошумчалагандай, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалыматты тактоосу керек.

Пикир

Оставить комментарий