• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек ара аймактарында кызматкерлердин кызматтык тартипти сактоолору боюнча нускамалар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Чек ара аймактарында кызматкерлердин кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекем сактоолору боюнча нускамалар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ар бир жетекчи өздүк курамдын жетектөө менен бирге алардын жөндөмдүүлүгүнө, кызматтык тартибине, мыйзамдуулукту бузбоого жана алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура аткарууда кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири А. Султаналиев полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын өздүк курамын жеринде кызмат өтөөсүн көзөмөлдөө үчүн иш сапарда жүрөт.

Иш сапардын негизги максаты кызматкерлерди моралдык-психологиялык жактан тарбиялоо, колдоо, ишмердүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле турмуш-тиричилик шартын изилдеп, кызматкерлер арасында кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту жана өздүк курамдын негизги багыты күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртуу, чек ара аймактарында кыраакылыгын жогорулатуу.

Эскерте кетсек, полктун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын өздүк курамы Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында күнү-түнү кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сакталышын көзөмөлдөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий