• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Өрттөлгөн үй толугу менен бүткөрүлүп, ээсине тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда өрттөлгөн турак үй мамлекет тарабынан курулуп, Мажитовдордун үй-бүлөсү жаңы үйлүү болду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 17-сентябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов Мажитовдордун үй-бүлөсүнө өздүгүн тастыктаган жана башка тийиштүү документтерин тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаркынбек Максутов үй-бүлөнүн үй менен кошо өрттөлүп кеткен документтерин калыбына келтирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Орун алган чырдын кесепетинен кыргыз жаранынын үйү толугу менен өрттөлгөн. Үйдүн курулушуна мамлекет каражат бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий