• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чек ара чатагы. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады. Жарадарлар бар

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. 12-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кайрадан курал колдонуу фактысы катталды, деп билдирет КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы.

"Саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда окуя болгон жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган", - деп айтылат билдирүүдө.

Кайталанган ок атышууда КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жабыркаган.

"Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын минометтон аткылай баштады", - деп кошумчалады ведомстводон.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек ара тилкесинде кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жарандарды аткылоону токтотууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий