• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чек ара чыры. Баткенде милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылууда

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Баткен облусунда милиция кызматкерлери жарандардын укук бузууларды жасоосуна жол бербөө жана коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун шаарларында, калктуу конуштарда, айыл-кыштактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча 2022-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин милиция кызматкерлеринин түнкү жана күндүзгү кайгуул багыттары түзүлгөн.

"Милиция кызматкерлерине өткөн таңкы нускамаларда кызматтык тартипти сактоо эрежелери жана жарандар менен сылык мамиледе болуулары эскертилип жатат. Ошондой эле кошумча күч катары тартылган ИИО кызматкерлери ШРИИБдин тажрыйбалуу жана офицердик курамдагы кызматкерлер менен бөлүштүрүлүп, аларга милдеттери, кызмат өтөө тартиби жана өзгөчөлүктөрү жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Баткен облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, Баткен районунун жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеринде иш алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ушуну менен бирге Баткен облусу боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.

Учурда Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.

15-сентябрь саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий