• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек ара чыры. Баткенде жалпы 104 турак үй күйгөн жана жабыркаган — өкүлчүлүк

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Баткенде чек ара окуясынан кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аймакта келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн күйгөн.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин чек арадагы болуп өткөн окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча буйругуна ылайык, өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүүдө.

Болуп өткөн окуялардан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Карабак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий