• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара чыры: Баткенде жалпы 644 адам эвакуацияланып, 50 жаран кайра кайтып барды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда 12-апрелде саат 19:20лар чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53 эркек, 246 аял, 345 жаш бала) убактылуу пункттарына жайгаштырылган. Анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облус аймагында 1 миң 700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган. Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И.Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды.

Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады. Тараптардын сүйлөшүүсү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий