• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек ара чыры. Баткенде жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында орун алган кырдаалга байланыштуу чек арага жакын аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода бүгүн, 29-апрелде чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү.

Баткен облусунун башчысынын тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий