• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара чыры. Баткенди калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 700 млн сом бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 700 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика жана финансы министринин орун басары Айдин Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, азыр анын 200 млн сому бөлүнүп берилди. “Бул каражат негизинен жаңжалда жабыркаган инфраструктураны (суу, свет, жол) калыбына келтирүүгө жумшалат. Кыйраган үйлөрдү куруу жеке сектордун эсебинен каржыланат. Ошондой эле, министрлер кабинети башка берене менен жабыркагандар – каза болгон үй-бүлөлөргө – 1 млн сомдон, жабыркагандарга – 50-100 миң сомдон кенемте төлөйт”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий