• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара чыры. Бишкекте 5 балага операция жасалды, алардын бири 9 айлык

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган 5 балага жана бир чоң адамга операция жасалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине башкы дарыгер Гүлзат Маймирова билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан ооруканага 8 адам түшкөн, анын ичинен алтоосу балдар.

“Алардын абалы орто оор деп бааланууда. Эң кичинекей бейтаптар 9 айлык, 1,5 жашар, эң чоңу 11 жашта. Ошондой эле 1968 жана 1966-жылы туулган эки чоң адам түшкөн”, - деди Маймирова.

Башкы дарыгер операция болгон балдарга октон жана октун чачырандыларынан жараат алуу деген диагнос коюлганын белгиледи.

“Азыркы учурда бардык бейтаптар жакшы болуп келе жатат. Алар штаттык психологдун көзөмөлүндө. Мекемеде дары-дармектер жетиштүү. Жабыркагандар тиешелүү медициналык жардам алышууда”, - деди башкы дарыгер.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуудан жалпы 103 адам жабыркап, 24 адам каза болгону кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий