• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара чыры: Депутаттар Тажикстандагы элчи эмне иш жасап жаткандыгына кызыгышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Депутаттар Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөмбеков эмне иш жасап жаткандыгына кызыгышты.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кыргыз-тажик чек арасындагы абалды кароонун жүрүшүндө депутат Абдувахап Нурбаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөмбеков эмне менен алек болуп жаткантдыгына кызыкты. Ал социалдык тармактарда анын дарегине негативдүү билдирүүлөр жазылып жаткандыгын кошумчалады.

ТИМ өкүлү ал өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарып жаткандыгын билдирди.

“Чек ара боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын уксак жакшы болмок. Анткени, элчилик саясий орган болгондуктан өзүнүн ишин аткарууда”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкан.

Ошондой эле, болжол менен саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окторду табышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган. Эртең мененки саат 8де ок атуулар токтогон.

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну чагымчылдыкка шектелип кармалышкан. Абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий