• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек ара чыры. Тараптардын жолугушууларынын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикистандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат. Ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул иштерин жүргүзүшөт.

Саат 19:30да Төрт-Көчө жерлигинде тараптардын ошол жердеги чек ара заставаларынын башчыларынын жолугушуусу өтүүдө.

Баткен облусунун жетекчилиги жана чек ара өкүлүнүн тажик кесиптештери менен кезектеги жолугушуусу Как-Сай жерлигинде болот.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Саат 18:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий