• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара чыры. ИИМ башчысы Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кечээ, 9-май күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барды.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр Баткен облусунда коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолукту.

Иш сапарынын жүрүшүндө Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты жана тез арада курулушту аяктоо керектигин тапшырды. Андан кийин министр айылдын аймагында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына барды. Аталган жайда аскерлери менен күзөттө турган ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов аталган суу башындагы абал тууралуу баяндама берди.

Министр Көк-Таш айылынын жашоочулары жана айылда коомдук тартипти камсыз кылып кайгуулда жүрүшкөн милиция кызматкерлери менен жолугуп, бардык коомдук тартипти сактоо багытындагы маселелер колго алынып жаткандыгын жана ал маселелер чечиле тургандыгын белгиледи.

Ниязбеков Баткен облустук милициясынын жетекчиси Мурат Боронов, Баткен районунун аймагында Тажикстандын ИИМдин Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов жана Исфара шаардык милициясынын жетекчиси Фердаус Шамадзаде менен дагы жолукту.

Пикир

Оставить комментарий