• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек ара чыры: Ооруканага дагы үч жабырлануучу кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандар тууралуу маалымат берди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 2022-жылдын 13-апрели, саат 18:00гө карата Лейлек шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) дагы үч жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылган.

Учурда Лейлек райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт жабырлануучу тиешелүү медициналык жардам алууда.

Алар:

  • 1999-жылы туулган Э.М., (аскер кызматчы). Диагноз: сандын ортоңку үчтөн бир бөлүгүнүн жана тамандын октун учкундарынан алган жарааты (бөтөн нерсе - ок). Абалы орточо оор.
  • 1992-жылы туулган О.З. Диагнозу: оң жак тизенин ылдыйкы бөлүгүнүн октун учкундарынан алган жарааты (бөтөн нерсе - ок). Абалы орточо оор.
  • 2002-жылы туулган Т.А., (аскер кызматчы). Диагнозу: сол жак тизе булсуңунун чоюлушу, ооруксунуу. Абалы канааттандырарлык.
  • 1972-жылы туулган Б.Т. Диагнозу: оң жак жамбаш бөлүгүнүн ок учкундарынан алган жарааты. Абалы канааттандырарлык.

"Бардыгы болуп 6 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган, алардын экөөсү алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Бардык бейтаптар тиешелүү дарыланууну алышууда. Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунда дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Мындан тышкары, Лейлек ЖДПБнын адистери эвакуацияланган тургундарга, негизинен аялдар менен балдарга кеп-кеңештерин берип, медициналык жардам көрсөтүүдө

Учурда 150гө жакын адам текшерүүдөн өттү.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.

Пикир

Оставить комментарий