• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара чыры. Транспорт министрлиги тарабынан жарандарды ташуу үчүн 114 кичи автобус тартылган

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева брифинг учурунда 29-30-апрелде министрлик тарабынан 114 кичи автобус тартылганын айтат.

Анын айтымында, автобустардын жардамы менен 4 миңден ашык жарандар коопсуз жерге көчүрүлгөн. “Ошондой эле министрликтин резервинде 90 кичи автобус каалаган учурда чыгууга даяр турат”, - дейт ал.

Абдралиева учурда гуманитардык жамдарды жүктөө алдында бир транспорттук каражат турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 31 адам набыт болуп, 154 киши жабыркады. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 1-май саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу жана атышуулар катталбаганын билдирди.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий