• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара чырында жоокерлерге чукул жардам көрсөткөн дарыгерлер менен аскерлер сыйланды – тизме

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жапа чеккен УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине чукул жардам көрсөткөн дарыгерлер менен аскер кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырган.

УКМКнын төрагасы кол койгон буйрукка ылайык, төмөнкүлөр сыйланды:

«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарына 100 жыл» юбилейлик медалы менен

полковник Таштанов Акимжан Миталович, 99718 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары;

полковник Ааманбаев Чынарбек Аруунович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Учуу коопсуздугу боюнча инспекциясынын башчысы;

капитан ЖУунусов Нурсултан Шарабидинович, 23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык транспорт эскадрильясынын командири;

Деркенбаев Жылдыз Садыбакасовна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;

Маанаев Токтобай Исраилович, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын башкы дарыгери.

«Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен

капитан Бейшенов Эсенбек Женишбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын улук борт техник-инструктору;

капитан Абдылдаев Мелисбек Ишенбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын борт техник-инструктору;

улук лейтенант Урамов Дастанбек Эркинбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын кораблинин командиринин жардамчысы;

улук лейтенант Нургазиев Нуржигит Нургазиевич, 23565 аскер бөлүгүнүн медициналык кызматынын башчысы;

прапорщик Талантбеков Ырыскелди Талантбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын радиооператор-инструктору;

Кабулова Гүлбара Сапаралиевна, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн дарыгери;

Тентимишев Алмаз Эсенканович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын көкүрөк хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;

Кыдырбаев Алмаз Кудайбергенович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;

Апсатаров Ислам Икрамович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;

Ажибеков Сүйүн Жалилович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология кафедрасынын доктору;

Мамышов Алмаз Жумабекович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын ириңдүү хирургия бөлүмүнүн дарыгери;

Муратов Дөлөс Муратович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №2 нейротравматология бөлүмүнүн врачы;

Каныбеков Марат Каныбекович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери;

Жаныкулов Кудайберди Райымбердиевич, Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы;

Сооров Таалайбек Узакбаевич, Баткен областтык бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирургу;

Хусейнов Рустам Юсуфович, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы;

Сатыбалдиев Сапарбай Маматкасымович, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;

Бакиров Бакытбек Асанович, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу.

Пикир

Оставить комментарий