• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушун улантат

Коом 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Баткендеги Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштери улантылат. Бүгүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Документке КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшту, - деп билдирет өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Протоколго ылайык, чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, Протоколго кол коюуда эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктары эске алынды.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик башчылары Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушу жүрүп жаткан жерди көрүп келишти.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 13-мартында саат 15:30да Кожогар аймагында Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылынын Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Пикир

Оставить комментарий