• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара кызматы: "Ак-Тилек" бекетинде 130 оор жүк ташуучу автоунаанын тыгыны пайда болгон

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" постунда унаалардын тыгыны байкалган. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Бүгүн, 11-январь, саат 22:00гө карата "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайына кире беришинде Кыргызстандан Казакстанды көздөй авто транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 130 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кезек күтүп турушат, анын ичинен: 10 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары айыл чарба азыктары менен, 20 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары контейнерлер менен, 100 бош (жүгү жок) оор жүк ташуучу транспорт каражаттары.

Аталган өткөрүү жайында оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тыгыны дайыма ушундай болбостон майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнөн жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштуу орун алууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертет.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматы орун алган убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алуу менен бирге мамлекеттик чек аранын баардык өткөрүү жайларында коррупцияга каршы аракеттенүү иш-чараларынын алкагында ведомство жетекчилеринин жана ишеним телефон номерлери көрсөтүлгөн маалымат тактайчалары орнотулгандыгын эскертип кетет.

Пикир

Оставить комментарий