• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара кызматы: "Ак-Тилек" пунктунда 260 жакын фура кезекте турат

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү жайында 260га жакын оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саат 14:00гө карата 260 фура кезекте турат.

"Айта кетчү нерсе унаалар көзөмөл өткөрүү жайынын өзүндө эмес анын аймагында кезек күтүп турат", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

МЧКдан кабарлашкандай, мындай жагдай казак тараптын кошумча текшерүүсүнөн улам түзүлүүдө.

"Биз тараптан чектөөлөр жок. Казак тарап документтерди дыкат текшерип, айрым унааларды Кыргызстанга кайрадан жөнөтүүдө", - деп кабарлашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий