• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара кызматы акыркы кырдаал тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. КРнын Чек ара кызматы 2021-жылы 29-апрелге карата Баткен облусунун Баткен районунун “Головной” суу бөлуштүрүүчү жайында абал кооптуу экенин билдирди.

"Тажик тарап мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде атайылап жаңжал чыгарып, кырдаалды курчутуп жатат. Тараптардын аскер кызматкерлеринин ортосундагы ок атшуу уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик тарап минометтук эсеп позициясын орнотууда",-деп айтылат маалыматта.

КР жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, андан тышкары чек арага жакын аймактарда укук бузууларга алдын алуу жана абалды эскалациялоо максатында Баткен облусундагы чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

УКМК төрагасынын биринчи орун басары, (УКМК) Чек ара кызматынын директору, полковник Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча чараларды көрүп жатат.

Чек арачылар өз ара аракеттенүүчү органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте абалды жөнгө салуу үчун зарыл чараларды көрүп жатат.

КРнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абалды турукташтырууга бардык күчүн жумшоого чакырат.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы 20дан ашык жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий