• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек ара кызматы Баткендеги кырдаал боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Саат 10:00гө карата: Таш-Тумшук аймагындагы эч ким жашабаган эски 1 үй, Аudi үлгүсүндөгү бир автоунаа жана кыргыз жаранына таандык КАМАЗ автоунаасынын 1 прицеби күйүп кеткен. Өрт болгон жерге барууга аракет кылган өрт өчүрүүчүлөрдү тажик жарандары жолду тосуп алып, өткөрбөй коюшкан.

13-мартта жаңжал болгон кезде тажик жарандары Баткен районунун Ортобоз айылындагы жергиликтүү тургундун сарайын өрттөп салышкан. Ошондой эле Кыргызстандын бир жараны жараат алып, Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканасына жеткирилген.

"Кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү", - деп айтылат маалыматта.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бүгүн тажик кесиптештери менен сүйлөшүү үчүн Баткенге учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий