• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чек ара кызматы чек арадагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби тууралуу маалымат берди.

2-апрелге карата мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттеринин иштөө тартиби:

Казакстан менен:

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулган:

- ушундан улам Кыргызстандын жарандары, Казакстандын аймагында болсо жана Казакстандан чыкканы жатса, Казакстандын жарандары Кыргызстанда болсо жана Кыргызстандан чыкканы жатса, "Чоң-Капка-унаа жолу" (КР) – "Айша биби-унаа жолу" (Казакстан), "Ак-Тилек-унаа жолу" (КР) – "Карасуу-унаа жолу" (Казакстан) өткөрүү пункттары аркылуу гана чыга алышат.

- Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүсүнө убактылуу тыюу салынат.

- айыл чарба продукциялардын, тамак-аш азыктардын, эл керектөөчү товарлардын жүктөрү Кыргызстандан Казакстанга жана Казакстандан Кыргызстанга эки багытка тең чектөөсүз, ошондой эле транзиттик жүктөрдү ташуу "Ак-Тилек- унаа жолу" жана "Чоң-Капка-унаа жолу" өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылууда.

Темир жол жүк курамдарын өткөрүү "Кайыңды-темир жол" өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлөт.

Өзбекстан менен:

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу жарандарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары Өзбекстандан чыгып кете алат.

- Өзбек тарабынын чечими менен Кыргызстанда жүргөн Өзбекстандын жарандары уюшулган топтор менен белгиленген бир убакытта гана Өзбекстанга өтө алат.

- Айыл чарба, тамак-аш азыктары, калктын керектөөсүндөгү товарлар жүктөлгөн унаа каражаттарын, ошондой эле транзиттик жүктөрдү Кыргызстандан Өзбекстанга жана Өзбекстандан Кыргызстанга өткөрүү "Достук-унаа жолу" (КР) – "Дустлик-унаа жолу" (Өзбекстан) жана "Кызыл-Кыя-унаа жолу" (КР) – "Өзбекстан-унаа жолу" (Өзбекстан) өткөрмө пункттары аркылуу эки багытта тең жүргүзүлүүдө.

Тажикстан менен:

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пунктарында адамдарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- Тажикстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары, Тажикстандан "Кайрагач-унаа жолу" (КР) – "Маданият-унаа жолу" (Тажикстан) өткөрүү пункту аркылуу гана чыгып кете алышат.

- Тажик тарабынын чечими менен Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары Тажикстанга убактылуу кире алышпайт.

- Кыргызстандан Тажикстанга жана Тажикстандан Кыргызстанга жүк өткөрмөлөр, ошондой эле транзиттик жүктөрдү ташуу эки багытка тең чектөөсүз "Кызыл-Бел-унаа жолу" (КР) – "Гулистон-унаа жолу" (Тажикстан) жана "Кайрагач-унаа жолу" (КР) - "Маданият-унаа жолу" (Тажикстан) өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылууда.

Кытай менен:

- кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрмө пункттары убактылуу жабык, гуманитардык жүктөрдөн башкасын, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөр өткөрүлбөйт.

Эскертүү: Республикалык ыкчам штаб тарабынан кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууларды жандандыруу маселеси каралган.

Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына кытай тарап менен "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарындагы жүк агымын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилген. Ошондой эле кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнү эске алуу менен аталган процесстин иш-аракеттеринин механизмин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырылган.

Эл аралык аба аркылуу жүк ташуулар:

"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда эл аралык жүргүнчүлөрдү ташыган аба каттамдары убактылуу токтотулган. Аба аркылуу жүк ташуучулар "Манас-аэропорт" өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылууда.

Эскертүү:

Мамлекеттик чек арадан өтүүдө жүк ташуучу унаалардын айдоочулары милдеттүү түрдө беткап тагынып, кол кап кийиши керек.

Талапты аткарбагандар паспорттук көзөмөлдөн жана башка текшерүүдөн өтө албайт.

Жүк ташуучу унаалар ичинде бир гана айдоочусу болгондо өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий