• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек ара кызматы: «Достуктагы» адамдардын тыгыны сооданын жандангандыгына байланыштуу

Коом 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстан жарандарынын коммерциялык ишмердүүлүгү жандангандыгына байланыштуу чек арадагы «Достук» өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны жаралууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Кезек күтүүлөр кыргыз тарапта дагы, өзбек тарапта дагы болууда. Адамдар менен транспорт каражаттарынын тыгыны мезгилдик мүнөзгө ээ: мындай көрүнүш негизинен эртең менен жана түштөн кийин, ошондой эле базар уюштурулган күндөрү байкалууда», - деп билдиришти мекемеден.

Маалыматка караганда, учурда «Достук» өткөрмө бекетинде кошумча дагы 10 көзөмөл бөлүм иштеп жатат. Алардын бешинде өлкөгө кирип жаткан, калганында чыгып жаткан жарандардын паспорттору текшерилет. Муну менен бекеттин адамдарды өткөрүү мүмкүндүгү 1,7 эсеге өсүп, суткасына 7 миң кишиге жеткен.

Андан тышкары жакынкы убактарда кошумча дагы 4 көзөмөл бөлүм орнотуу каралууда.

2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.

Пикир

Оставить комментарий