• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында 300гө жакын фура жана жеңил унаалар турат

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында 300гө жакын фура жана жеңил унаалар турат, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.

2019-жылдын 1-апрелине саат 08:00гө карата чек арадагы абал төмөнкүдөй:

-"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда 223 жүк ташуучу унаа кезекте турат;

31-март саат 20:00дөн 1-апрель саат 08:00гө чейин аталган көзөмөл өткөрүү пунктунан 158 оор жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн;

-"Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунда 60-70 жеңил унаа жана 25-30га жакын жүк ташуучу унаалар турат.

"Казастандын көзөмөл жайларында жүргүзүлгөн дыкат текшерүү унаалардын кезек күтүп калуусуна себеп болууда", - деп кабарлашты чек ара кызматынан.

“Акжол”, “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий