• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы аркылуу жүк ташуу тартиби өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы аркылуу жүк ташуу тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлайт.

2022-жылдын 13-январы саат 18.00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагынан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайларынан өтө алышат.

2022-жылдын 13-январы саат 18.00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол” жана “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:

- Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.

Кыргызстандын “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иш алып барууда:

- Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий